Ясин Сүрөсү Кыргызча котормосу менен
Йасин сүрөөсү кыргызча котормосу менен адам жашоосуна көптөгөн руханий жана эмоционалдык таасирин тийгизет. Бул Курани Каримдин 36-сүрөсү, Курандын 22 жана 23-параларында жайгашкан. Ясин сүрөөсү күчтүү хидаят жана акылмандыкты сунуш кылат. Анын котормосун окуу мусулмандарга анын кабарын жакшыраак түшүнүүгө, билимин жогорулатууга жана анын таалимдерин маңыздуураак кылууга жардам берет. Ошондой эле күнүмдүк жашоого айкындык алып келген моралдык жана этикалык сабактарды берет.
Ясин сүрөөсүнүн 83 аяты өзгөчө стресс учурунда жан дүйнөсүн бейпилдикке алып келет. Араб тилинде окуу руханий сыйлык алып келсе, котормо аркылуу толук маанисин түшүнүү тереңирээк байланышка жол ачат. Ясин сүрөөсү 95+ тилде бар, бул аны дүйнө жүзүндөгү адамдар үчүн жеткиликтүү кылат. Ар бир мусулман анын кабарын толук түшүнүү үчүн, жок дегенде бир жолу толук котормосун окуп чыгууга чакырылат. Окурмандар үчүн онлайн режиминде Ясин сүрөсүн окуу же кыргызча Ясин сүрөсүн толугу менен PDF форматында жүктөп алып, интернетке туташпастан да тез жетүү үчүн өз түзмөктөрүнө сактап коюу оңой.
Йасин сүрөсүн Кыргызча аудио угуңуз
Ясин сүрөөсүн толугу менен кыргызча котормосу менен онлайн оку
36.7
لَقَدۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ عَلَىٰٓ أَكۡثَرِهِمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейтا
Tafseer
36.6
لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أُنذِرَ ءَابَآؤُهُمۡ فَهُمۡ غَٰفِلُونَ
коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар элеا
Tafseer
36.9
وَجَعَلۡنَا مِنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ سَدّٗا وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ سَدّٗا فَأَغۡشَيۡنَٰهُمۡ فَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ
Бизалардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдыкا
Tafseer
36.8
إِنَّا جَعَلۡنَا فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ أَغۡلَٰلٗا فَهِيَ إِلَى ٱلۡأَذۡقَانِ فَهُم مُّقۡمَحُونَ
Бизалардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышканا
Tafseer
36.11
إِنَّمَا تُنذِرُ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلذِّكۡرَ وَخَشِيَ ٱلرَّحۡمَٰنَ بِٱلۡغَيۡبِۖ فَبَشِّرۡهُ بِمَغۡفِرَةٖ وَأَجۡرٖ كَرِيمٍ
(О, Мухаммад!) Сен Зикирге (Кураан акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Рахмандан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллаһ тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын берا
Tafseer
36.10
وَسَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби — айырмасы жок: ыйман келтиришпейтا
Tafseer
36.13
وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلًا أَصۡحَٰبَ ٱلۡقَرۡيَةِ إِذۡ جَآءَهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.”ا
Tafseer
36.12
إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَنَكۡتُبُ مَا قَدَّمُواْ وَءَاثَٰرَهُمۡۚ وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ
Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте! (алдын ала) эсептеп койгонбузا
Tafseer
36.15
قَالُواْ مَآ أَنتُمۡ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَمَآ أَنزَلَ ٱلرَّحۡمَٰنُ مِن شَيۡءٍ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا تَكۡذِبُونَ
(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»ا
Tafseer
36.14
إِذۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهِمُ ٱثۡنَيۡنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزۡنَا بِثَالِثٖ فَقَالُوٓاْ إِنَّآ إِلَيۡكُم مُّرۡسَلُونَ
Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Чынында, биз силерге жиберилген элчилер болобуз»-дештиا
Tafseer
36.19
قَالُواْ طَـٰٓئِرُكُم مَّعَكُمۡ أَئِن ذُكِّرۡتُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ مُّسۡرِفُونَ
«Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бере-сиңерби)?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!»-дешти (пайгамбарлар)ا
Tafseer
36.18
قَالُوٓاْ إِنَّا تَطَيَّرۡنَا بِكُمۡۖ لَئِن لَّمۡ تَنتَهُواْ لَنَرۡجُمَنَّكُمۡ وَلَيَمَسَّنَّكُم مِّنَّا عَذَابٌ أَلِيمٞ
(Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (каражолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди ташбараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»ا
Tafseer
36.21
ٱتَّبِعُواْ مَن لَّا يَسۡـَٔلُكُمۡ أَجۡرٗا وَهُم مُّهۡتَدُونَ
Өздөрү Туура Жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!»-деди.ا
Tafseer
36.20
وَجَآءَ مِنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ رَجُلٞ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُواْ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
(Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «О, коомум! пайгамбарларды ээрчигилеا
Tafseer
36.23
أَأَتَّخِذُ مِنْ دُونِهِ آلِهَةً إِنْ يُرِدْنِ الرَّحْمَٰنُ بِضُرٍّ لَا تُغْنِ عَنِّي شَفَاعَتُهُمْ شَيْئًا وَلَا يُنْقِذُونِ
Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайтا
Tafseer
36.22
وَمَا لِيَ لَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңарا
Tafseer
36.29
إِنْ كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً فَإِذَا هُمْ خَامِدُونَ
(Себеби:) Бир гана ач айкырык болду! Анан.., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калыштыا
Tafseer
36.28
وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَىٰ قَوْمِهِ مِنْ بَعْدِهِ مِنْ جُنْدٍ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا كُنَّا مُنْزِلِينَ
Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубузا
Tafseer
36.31
أَلَمْ يَرَوْا كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنَ الْقُرُونِ أَنَّهُمْ إِلَيْهِمْ لَا يَرْجِعُونَ
Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейтا
Tafseer
36.30
يَا حَسْرَةً عَلَى الْعِبَادِ ۚ مَا يَأْتِيهِمْ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташатا
Tafseer
36.33
وَآيَةٌ لَهُمُ الْأَرْضُ الْمَيْتَةُ أَحْيَيْنَاهَا وَأَخْرَجْنَا مِنْهَا حَبًّا فَمِنْهُ يَأْكُلُونَ
Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги-өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышатا
Tafseer
36.32
وَإِنْ كُلٌّ لَمَّا جَمِيعٌ لَدَيْنَا مُحْضَرُونَ
Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (Кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушатا
Tafseer
36.35
لِيَأْكُلُوا مِنْ ثَمَرِهِ وَمَا عَمِلَتْهُ أَيْدِيهِمْ ۖ أَفَلَا يَشْكُرُونَ
Ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эмиا
Tafseer
36.34
وَجَعَلْنَا فِيهَا جَنَّاتٍ مِنْ نَخِيلٍ وَأَعْنَابٍ وَفَجَّرْنَا فِيهَا مِنَ الْعُيُونِ
Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардыкا
Tafseer
36.37
وَآيَةٌ لَهُمُ اللَّيْلُ نَسْلَخُ مِنْهُ النَّهَارَ فَإِذَا هُمْ مُظْلِمُونَ
Аларга (дагы бир) белги — түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышатا
Tafseer
36.36
سُبْحَانَ الَّذِي خَلَقَ الْأَزْوَاجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنْبِتُ الْأَرْضُ وَمِنْ أَنْفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ
Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллаһ — Аруу,Тазаا
Tafseer
36.39
وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ
Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбузا
Tafseer
36.38
وَالشَّمْسُ تَجْرِي لِمُسْتَقَرٍّ لَهَا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
(Дагы бир белги —) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул — Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганыا
Tafseer
36.41
وَآيَةٌ لَهُمْ أَنَّا حَمَلْنَا ذُرِّيَّتَهُمْ فِي الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ
Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубузا
Tafseer
36.40
لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ ۚ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ
Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.! Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөтا
Tafseer
36.43
وَإِنْ نَشَأْ نُغْرِقْهُمْ فَلَا صَرِيخَ لَهُمْ وَلَا هُمْ يُنْقَذُونَ
Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайтا
Tafseer
36.42
وَخَلَقْنَا لَهُمْ مِنْ مِثْلِهِ مَا يَرْكَبُونَ
Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердикا
Tafseer
36.45
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اتَّقُوا مَا بَيْنَ أَيْدِيكُمْ وَمَا خَلْفَكُمْ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ
Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт)ا
Tafseer
36.44
إِلَّا رَحْمَةً مِنَّا وَمَتَاعًا إِلَىٰ حِينٍ
(Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүнا
Tafseer
36.47
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنُطْعِمُ مَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ أَطْعَمَهُ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Эгер аларга: «Аллаһ ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла»-деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллаһ Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!»-дешетا
Tafseer
36.46
وَمَا تَأْتِيهِمْ مِنْ آيَةٍ مِنْ آيَاتِ رَبِّهِمْ إِلَّا كَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ
Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушатا
Tafseer
36.49
مَا يَنْظُرُونَ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً تَأْخُذُهُمْ وَهُمْ يَخِصِّمُونَ
Алар (эч нерседен бейкапар) өз ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.”ا
Tafseer
36.48
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (Кыямат) качан келет?»ا
Tafseer
36.51
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَإِذَا هُمْ مِنَ الْأَجْدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يَنْسِلُونَ
Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышатا
Tafseer
36.50
فَلَا يَسْتَطِيعُونَ تَوْصِيَةً وَلَا إِلَىٰ أَهْلِهِمْ يَرْجِعُونَ
(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайтا
Tafseer
36.53
إِنْ كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً فَإِذَا هُمْ جَمِيعٌ لَدَيْنَا مُحْضَرُونَ
Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышатا
Tafseer
36.52
قَالُوا يَا وَيْلَنَا مَنْ بَعَثَنَا مِنْ مَرْقَدِنَا ۜ ۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ الرَّحْمَٰنُ وَصَدَقَ الْمُرْسَلُونَ
(Жана) айтышат: «О, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»ا
Tafseer
36.55
إِنَّ أَصْحَابَ الْجَنَّةِ الْيَوْمَ فِي شُغُلٍ فَاكِهُونَ
Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алекا
Tafseer
36.54
فَالْيَوْمَ لَا تُظْلَمُ نَفْسٌ شَيْئًا وَلَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза аласыңарا
Tafseer
36.61
وَأَنِ اعْبُدُونِي ۚ هَٰذَا صِرَاطٌ مُسْتَقِيمٌ
Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул!» деп буюрбадым белеا
Tafseer
36.60
أَلَمْ أَعْهَدْ إِلَيْكُمْ يَا بَنِي آدَمَ أَنْ لَا تَعْبُدُوا الشَّيْطَانَ ۖ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ
О, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душманا
Tafseer
36.65
الْيَوْمَ نَخْتِمُ عَلَىٰ أَفْوَاهِهِمْ وَتُكَلِّمُنَا أَيْدِيهِمْ وَتَشْهَدُ أَرْجُلُهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк беретا
Tafseer
36.64
اصْلَوْهَا الْيَوْمَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ
Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»ا
Tafseer
36.67
وَلَوْ نَشَاءُ لَمَسَخْنَاهُمْ عَلَىٰ مَكَانَتِهِمْ فَمَا اسْتَطَاعُوا مُضِيًّا وَلَا يَرْجِعُونَ
Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калатا
Tafseer
36.66
وَلَوْ نَشَاءُ لَطَمَسْنَا عَلَىٰ أَعْيُنِهِمْ فَاسْتَبَقُوا الصِّرَاطَ فَأَنَّىٰ يُبْصِرُونَ
Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан Бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эмиا
Tafseer
36.69
وَمَا عَلَّمْنَاهُ الشِّعْرَ وَمَا يَنْبَغِي لَهُ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ وَقُرْآنٌ مُبِينٌ
Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Кураанا
Tafseer
36.68
وَمَنْ نُعَمِّرْهُ نُنَكِّسْهُ فِي الْخَلْقِ ۖ أَفَلَا يَعْقِلُونَ
Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейбиا
Tafseer
36.71
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا خَلَقْنَا لَهُمْ مِمَّا عَمِلَتْ أَيْدِينَا أَنْعَامًا فَهُمْ لَهَا مَالِكُونَ
Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердикا
Tafseer
36.70
لِيُنْذِرَ مَنْ كَانَ حَيًّا وَيَحِقَّ الْقَوْلُ عَلَى الْكَافِرِينَ
Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү)ا
Tafseer
36.73
وَلَهُمْ فِيهَا مَنَافِعُ وَمَشَارِبُ ۖ أَفَلَا يَشْكُرُونَ
Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллай эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)ا
Tafseer
36.72
وَذَلَّلْنَاهَا لَهُمْ فَمِنْهَا رَكُوبُهُمْ وَمِنْهَا يَأْكُلُونَ
Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери барا
Tafseer
36.75
لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَهُمْ وَهُمْ لَهُمْ جُنْدٌ مُحْضَرُونَ
(«Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес!. (Бирок ошого карабай) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет)ا
Tafseer
36.74
وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لَعَلَّهُمْ يُنْصَرُونَ
Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо канаا
Tafseer
36.77
أَوَلَمْ يَرَ الْإِنْسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ
Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келдиا
Tafseer
36.76
فَلَا يَحْزُنْكَ قَوْلُهُمْ ۘ إِنَّا نَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ
(О, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабызا
Tafseer
36.79
قُلْ يُحْيِيهَا الَّذِي أَنْشَأَهَا أَوَّلَ مَرَّةٍ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ
Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билетا
Tafseer
36.78
وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ ۖ قَالَ مَنْ يُحْيِي الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ
Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтиретا
Tafseer
36.81
أَوَلَيْسَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ ۚ بَلَىٰ وَهُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ
Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи?? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү.ا
Tafseer
36.80
الَّذِي جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الْأَخْضَرِ نَارًا فَإِذَا أَنْتُمْ مِنْهُ تُوقِدُونَ
Ал силерге көк (жана ным) дарактан отун жасап берген.! Силер аны жагып жатасыңарا
Tafseer
36.83
فَسُبۡحَٰنَ ٱلَّذِي بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيۡءٖ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллаһ (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайта-рыласыңарا
Tafseer
36.82
إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калатا
Tafseer
Ясин сүрөсүнүн кыскача мазмуну:
Ясин сүрөөсү «Курандын жүрөгү» деп аталат. «Йасин» Мухаммед пайгамбардын (САВ) аты да көп айтылат. Ал 83 аяттан турат жана ал Курандын 36-сүрөсү жана 807 сөз жана 3028 тамгадан турат. Ал 5 руку (бөлүм) бар. 22-жүздүн курамына кирет жана 23-жүзгө чейин уланат. Ал Меккеде түшүрүлгөн, ошондуктан ал Макки сүрөөсү деп аталып, төмөнкү негизги пункттарга басым жасайт:
1. Пайгамбарлыкты тастыктоо:
Сүрө Мухаммед пайгамбар (САВ) алып келген кабардын акыйкатын ырастоо менен башталат. Анын Алла Тааланын элге туура жол көрсөтүү үчүн жиберген элчиси экендигине басым жасалат.
2. Аллахтын белгилери:
Сүрө Аллахтын бар экендигинин жана жаратуусу аркылуу кудуреттүүлүгүнүн белгилерине көңүл бурат. Түн менен күндүн алмашып турушу, өсүмдүктөрдүн өсүшү жана ааламдын кереметтери айтылып, адамдарды Аллахтын улуулугуна далил катары бул белгилер жөнүндө ойлонууга үндөйт.
3. Билдирүүнү четке кагуу:
Бул кабарды четке каккандардын кежирлигине кайрылат. Аларга көрсөтүлгөн ачык-айкын белгилер жана кереметтерге карабастан, көптөгөн адамдар чындыкты четке кагып, алардын кутулгус азабына алып келүүдө.
4. Мурунку улуттардын мисалдары:
Сүрө өз пайгамбарларын четке каккан жана анын натыйжасында кыйроого учураган мурунку коомдордун окуяларын баяндайт. Бул чындыкты четке каккандар үчүн эскертүү.
5. Кыямат жана акырет:
Ясин сүрөөсү тирилүү жана өлүмдөн кийинки жашоонун чындыгы жөнүндө сөз кылат. Анда бардык адамдар кыямат күнү кайра тирилилээри жана ал жерде кылган иштери үчүн жооп берери баса белгиленет.
6. Кудайдын ырайымы:
Сүрө момундарды Аллахтын ырайымына ишендирип, кабарды кабыл алгандарга сыйлыктарды берет. Ыймандуулардын бейиште жашай турганына басым жасап, салихтер менен каапырлардын тагдырларынын карама-каршылыгына көңүл бурат.
7. Ой жүгүртүүгө чакыруу:
Сүрө адамдарды өз жашоосу, айланасындагы Аллахтын аяттары, тирилүү жана эсеп-кысаптын эң акыркы акыйкаты жөнүндө ой жүгүртүүгө чакыруу менен аяктайт.